№ 66 2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча               2016-жылдын 1 - апрелиндеги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын № 12 чечими аркылуу берилген сунушунун негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын       7-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

                   ТӨРАГА                                                            Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 4- апрели

№ 66

 

 

 

 

 

 

 Кыргыз Республикасынын

 Шайлоо жана референдум өткөрүү

 боюнча борбордук комиссиясынын

 2016-жылдын 4 - апрели

 № 66 токтомуна тиркеме

 

2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары

 

 

Кумбел айылдык кенеши   Мандаттын саны – 11

 

№1 шайлоо округу (УШК № 3033)

Борбору – Ч.Исабаев атындагы Булансоготту орто мектеби

Шайлоочулардын саны - 679

Мандаттын саны - 3

Чек аралары: Булансоготту айылы толугу менен кирет.

 

№2 шайлоо округу (УШК № 3034)

Борбору –Корумду айылдык клубу

Шайлоочулардын саны - 1651

Мандаттын саны - 8

Чек аралары: Корумду айылы толугу менен кирет.