30.04.2021 №183 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Өзгөн шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Өзгөн шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 14 шайлоо участок түзүлгөн. Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 7 саясий партия катталды, анын ичинен 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан, «Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы» - 33,25% (12 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 24,14% (9 мандат); «Аманат» - 13,42% (5 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 9,84% (3 мандат), «Нур» - 7,12% (2 мандат).
Шайлоочулардын саны 30404 түзүп, анын ичинен 11224 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 36,92% түзөт.
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына 1, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 7 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 14 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 24-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 30-апрели
№ 183