№ 122 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын  жетекчиликке алып, шайлоодо эл аралык байкоочулардын иш тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

1)  Нарендра Нат Бутолиа – Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын катчысы;

2)  Сингх Виджай Кумар – Индия Республикасынын Пенджаб штатынын Шайлоо комиссиясынын башчысы;

3)  Квак Кюнг Хван – Корея Республикасынын Грин-Чем шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

4)  Ким Хёнгджун – Корея Республикасынын Түндүк Чолла шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

5)  Хан Джеонг Аэ – Корея Республикасынын Кванджу шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

6)  Сеонг Донгджаэ – Корея Республикасынын Ян Дон шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

7)  Сео Джунг Аэ – Корея Республикасынын Түштүк Чолла шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

8)  Ли Юнгджо – Корея Республикасынын Инчхон шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

9)  Ли Кюнгжае – Корея Республикасынын Ульчин шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү;

10) Ли Ханил – Корея Республикасынын Янъян шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары;

11) Ким Соджунг – Корея Республикасынын Дэгу шаардык  шайлоо комиссиясынын өкүлү;

12) Хванг Сунке – Корея Республикасынын Танджин шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга №1, №2 тиркемелерге ылайык белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.

 

      ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 25-майы

№ 122