2012-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 2-майындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын-айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” № 70 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылдык аймагынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык аймагынын, Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Аксы, Ак-Суу, Манас аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө түшкөн протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосунун 38-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылдык аймагынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык аймагынын, Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо болду деп таанылсын.
2. Аксы, Ак-Суу, Манас аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер айыл өкмөт башчысы болуп шайланды деп эсептелинсин:
1) Үч-Коргон айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы– Кузиев Каныбек Тахирович;
2) Октябрь айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы– Асеков Нурбек Тилекович;
3) Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы– Дуйшебаев Мукталы Бошкоевич.
4. Шайланган айыл өкмөт башчыларына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 8-июну
№ 81