№111 Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеӊеши жөнүндө

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштердин тажрыйбасын дайыма өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү жана колдонуу боюнча тажрыйбаны жана сунуштарды алмашуу максатында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3, 7, 18, 19, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө” жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдуму өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңешинин ишин уюштурууга жооптуу кызматкерлерди  бекитүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 26 - июлу 
№111