Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 29-июнундагы № 121 токтому менен 2016-жылдын 13-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел; 2016-жылдын 8-июлундагы № 124 токтому менен 2016-жылдын 26-июлуна дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоодо, катталган талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, аталган шайлоолор болбой калган.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 14-июлундагы № 138 буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысы М. Орозбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 30-майындагы № 4-514/16УД токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2016-жылдын 8-июлундагы № 188 буйругу менен Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Ракишев; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2016-жылдын 15-июлундагы № 3/3 буйругу менен Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Орозобаев, берген арыздарына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2016-жылдын 11-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 16-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ысык-Көл, Аламүдүн жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 28 - июлу
№ 132
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 28-июлундагы № 132
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги
| № | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы | Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы | Эскертүү |
| Жалал-Абад облусу Ноокен району | |||
| 1 | Арал | 2016-жылдын 16-августу, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | |
| Чүй облусу Аламүдүн району | |||
| 2 | Таш-Мойнок | 2016-жылдын 16-августу, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | |
| Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району | |||
| 3 | Тору-Айгыр | 2016-жылдын 16-августу, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | |
|
Кайра шайлоо |
|||
|
Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району |
|||
|
1 |
Кумбель |
2016-жылдын 11-августу, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
|
Чүй облусу Аламүдүн району |
|||
|
2 |
Байтик |
2016-жылдын 11-августу, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |