№107 2019-жылдын 19-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 19-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2019-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы №99 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер каталган - Гапаров Шайлообек Белекбайевич, Дыйканов Омурбек Муратбекович, Жолдошов Сатар Кыязович, Муратов Абди-Ади Андашович - 4 талапкер жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Самаркандек айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышты.

Добуш берүүдө Гапаров Ш.Б. – 13; Дыйканов О.М. – 6; Жолдошов С.К.- 0; Муратов А.А. – 2; бардык талапкерлерге каршы – 0, добуш алышкан.

Шайлоонун натыйжасында Гапаров Ш.Б. Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 19-июлундагы кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Гапаров Шайлообек Белекбайевич табылсын.

2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Самаркандек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                    

Бишкек ш., 2019-жылдын 26 - июлу

№ 107

 

Маалым кат-негиздеме