№132 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы  менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 17868ди түзүп, анын ичинен 9270 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 51,9 % түзөт.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 5-июну,  

№ 132