№ 205 Чүй жана Нарын облустарынын кээ бир шайлоо участкаларынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө

Чүй облусунун Москва, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын № 7279, № 7212 жана Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 4063, № 4065 шайлоо участкаларынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Төмөнкү шайлоо участкаларынын жайгашкан орду өзгөртүлсүн:

- Чүй облусунун Москва районунун Садовое айыл аймагынын № 7279 шайлоо участкасы (Колхозчулар үйү имаратынан  Садовое айыл өкмөтүнүн имаратына);

- Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл аймагынын № 7212 шайлоо участкасы (Маданият үйү имаратынан А. Жакшылыков атындагы гимназия орто мектебинин имаратына);

- Нарын облусунун Нарын шаарынын № 4063 шайлоо участкасы (искусство мектебинин имаратынан Нарын районунун санитардык көзөмөлдөө борборунун имаратына);

- Нарын облусунун Нарын шаарынын № 4065 шайлоо участкасы (Маданият үйү имаратынан облустук китепкананын имаратына).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Москва, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларына жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

           

Бишкек ш., 2016-жылдын 13-ноябры

№ 205