24.11.2020 №377 Жалал-Абад облусунун Аксы, Баткен облусунун Лейлек, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Аламүдүн жана Чүй райондорунун аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Аксы, Баткен облусунун Лейлек, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 2323 шайлоо участкасынын дареги Кызыл-Туу айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Кызыл-Туу айылындагы Айталиев көчөсүндөгү С.Айтиев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- № 2326 шайлоо участкасынын дареги Аркыт айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Аркыт айылындагы Келте-Сай көчөсү, 50 дарегиндеги Аркыт орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Баткен облусунун Лейлек районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 8025 шайлоо участкасынын дареги И. Раззаков көчөсү, 32 дарегиндеги Ак-Куу айылдык маданият үйүнүн имаратынан И. Раззаков көчөсү, 34 дарегиндеги Ак-Суу орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- № 8040 шайлоо участкасынын дареги К. Туратов көчөсү, 32 дарегиндеги Баул айылдык маданият үйүнүн имаратынан К. Туратов көчөсү, 38 дарегиндеги Жаңы Турмуш орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
3. Нарын облусунун Жумгал районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 4115 шайлоо участкасынын дареги Э. Матыев көчөсү, 2 дарегиндеги Аксеки акционердик коомунун имаратынан Д. Исмаилов көчөсү, 3 дарегиндеги Миңбаев Эрнис атындагы бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн;
- № 4101 шайлоо участкасынын дареги Б. Асанов көчөсү, 22 дарегиндеги Мыскал Өмүрканов атындагы орто мектебинин имаратынан Б. Асанова көчөсү, 11 дарегиндеги Жумгал айылдык клубунун имаратына өзгөртүлсүн;
- № 4108 шайлоо участкасынын дареги Т. Женалиев көчөсү, 24 дарегиндеги айылдык маданият үйүнүн имаратынан К. Абакиров көчөсү, 1 дарегиндеги С. Медетов орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
4. Чүй облусунун Аламүдүн районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 7411 шайлоо участкасынын дареги “Торойчу” калктуу конушундагы контур №759 44 га дарегиндеги имаратынан Партсъезд XXII көчөсүндөгү, Октябрь айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн;
- № 7176 шайлоо участкасынын дареги Кыргыз көчөсү, 198 дарегиндеги Таймаш компьютердик клубунун имаратынан Кыргыз көчөсү, 190/б дарегиндеги Интел магазининин имаратына өзгөртүлсүн;
5. Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл аймагындагы № 7048 шайлоо участкасы, Кегети айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан Жумашева көчөсү, 19 дарегиндеги У. Жумабаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
6. Лейлек, Жумгал, Аламүдүн жана Чүй, Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 24-ноябры
№ 377