№332 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад; Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Курбанали уулу Акматбектин өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү С.Д. Ташматованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын           21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын              2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-   “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Курбанали уулу Акматбек комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2.  Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-    “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ташматова Сажира Досуевна комиссиянын курамынан чыгарылсын.
3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын  7-августу
№ 332