№97 Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги №85 токтому менен 2018-жылдын 11-майына дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. 
Кара-Буура жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 11-майындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 14-майындагы натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Бекболотов Арген Тургунбекович  табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 11-майындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 14-майындагы натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
2.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Сейлибаев Айдарбек Кадырбаевич табылсын.
3. Кара-Буура жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 15- майы
№ 97