№264 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагынын аймагында шайлоо участокторун бириктирүү жөнүндө

Жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен, Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча шайлоо участокторун бириктирүү жөнүндө Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагында №3114 жана №3115 шайлоо участоктору № 3113 шайлоо участогу менен бириктирилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин- Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                                     А. БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2017-жылдын 21-июлу
№ 264