№295 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Адам укугу” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Т. Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 
 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т. Акундун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Жумашев Ильяз Майрамбекович;
- Джанчыкулов Саадабек Эсенбекович;
- Укутаев Марат Сулумбекович;
- Усенбаева Турсунай Токтоназаровна;
- Мусуралиев Асанбек Даирбекович;
- Божокоева Жыпаркул Абакировна.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т. Акундун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                               А.БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2017-жылдын 29 июлу
№295