№ 170 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Чаткал, Талас облусунун Манас, Бакай-Ата, Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Түп, Чүй облусунун Москва, Чүй, Ош облусунун Ноокат, Ош аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү З.А. Көчкөнбаеванын, А.Ж. Таштанбаеванын, С. Шамбеталиеванын, С.Н. Нурдилдееванын, А.Д. Асановдун, У.Дж. Искаковдун, Ж.Т. Бегалиеванын, К.О. Макушеванын, С. Байтиковдун,М.А. Пахердиновдун, Р. Нурдиновдун, Б.Б. Юлдашевдин  аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын регионалдык өкүлү С. Саматбековдун Кыргыз Республикасынын аймагынан А.А. Карабаева чыгып кеткендигине байланыштуу, аны аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө кайрылуусунун негизиндеги Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын   2016–жылдын  7-октябрындагы № 9 чечимине ылайык,  аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган Дж.М. Мусакулов,  М.К. Арстанов, Б.С. Чукотаев, Ж.Ж. Жумалиев, Г.Т. Ауспекова, Б.М. Акматова, С.Ы. Ширимбеков, Р.М. Кабенова,Т.О. Осмоналиев, Р.Т. Юлдашов, Е.И. Буранова, А.К. Аттокуров киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Көчкөнбаева Зулпия Абдиллаевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусакулов  Джусупахмат Маматович киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Чаткал  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Таштанбаева Алтынай Жапарбаевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Арстанов Медербек Көкөнович киргизилсин.

3. Талас  облусунун Манас  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамбеталиева Саадат чыгарылсын.

4. Талас облусунун Бакай-Ата  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Кыргызстан куруучулар партиясы»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Нурдилдеева Сыргагуль Нурдилдеевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чукотаев Бообек Сапаралиевич киргизилсин.

5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанов Анарбек Дуйшобекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумалиев Жоодар Жакшылыкович киргизилсин.

6. Ысык-Көл облусунун Түп  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Кыргызстан куруучулар партиясы»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Иманалиев Мирлан Тургамбаевич,  «Эркин Эл» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Джумабекова Кыял Акматовна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «КСДП»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Алиаскарова Гулмира Абыловна, «Өнүгүү- Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Омурбекова  Айканым Омурбековна  киргизилсин.

7. Чүй облусунун Москва  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Искаков Улан Джыргалбекович, Бегалиева Жаңылкан Токтогоновна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ауспекова Гульзана Танырбиргеновна, Акматова Бегайым Мустафаевна киргизилсин.

8. Чүй облусунун Чүй  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын курамынан  «Ата Мекен»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Макушева Кулянда Омуровна, «КСДП»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Байтиков Совет, «Республика Ата-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Карабаева Айнура Алмыкановна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Ак Шумкар»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Ширимбеков Санатбек Ырысбекович,  «Өнүгүү- Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кабенова Роза Молдокматовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиев Таалайбек Охапович киргизилсин.

9. Ош облусунун  Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пахердинов Медетбек Ахунович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Юлдашов Розали Турсуналиевич киргизилсин.

10. Ош облусунун  Ош  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурдинов Рысбек,  Юлдашев Бахтияр Бахадирович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Буранова Елена Ивановна, Аттокуров  Анарбек  Кудаярович киргизилсин.

11. Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

12.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 


Бишкек ш., 2016-жылдын  21 - октябры

№ 170