17.06.2021№ 495 2021-жылы 10, 12-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунунАк-ТалаарайонунунЖерге-Тал, Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 10, 12-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунунАк-ТалаарайонунунЖерге-Тал, Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 10, 12-июнундаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын20, 25-майындагы №270, 288 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунунАк-Талаа районунунЖерге-Тал, Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоо болуп өттү.

Жерге-Талайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер Ашырбеков Мелисбек Мукашовичкатталган. Талапкер Жерге-Тал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутатыкатышып,М. М. Ашырбеков – 11 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаааймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Ашырбеков Мелисбек МукашовичЖерге-Талайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер Абдырахманова Анаркүл Абылгазиевна, Үрүстөмбек уулу Эркинбек, Чиркеев Бакыт Абылсейитович катталган. Талапкерлер Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу мененАк-Чий айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,1-турда: А.А. Абдыракманова - 0 добуш,Үрүстөнбек уулу Э –5 добуш, Б.А. Чиркеев – 3 добуш, 2-турда: Үрүстөнбек уулу Э –0 добуш,Б.А. Чиркеев – 11 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Чиркеев Бакыт АбылсейитовичАк-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Жылтыров Урмат Жаныбаевич, Суйгөнбаев Канатбек Назарбекович катталган. Талапкерлер Терек айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу мененТерек айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,У.Ж. Жылтыров - 6 добуш, К.Н. Сүйгөнбаев – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жылтыров Урмат ЖаныбаевичТерекайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунунЖерге-Тал, Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 10, 12-июнундагы Ак-Талаааймактык шайлоо комиссиясынын Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жерге-Талайыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөнАк-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын10,12-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунунЖерге-Тал, Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ашырбеков Мелисбек МукашовичНарын облусунун Ак-Талаа районунунЖерге-Талайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Чиркеев Бакыт Абылсейитович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Жылтыров Урмат Жаныбаевич Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жерге-Тал,Ак-Чий жана Терекайыл өкмөттөрүнүнбашчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жанаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№495