“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1,2,4 пункттарына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган төмөнкү адамдар Президенттин кызматына талапкерди колдоо үчүн колтамга чогултуу боюнча баракчаларды тапшырбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылсын:
- Алымкулов Нурлан Сагымбекович;
- Иманалиева Асида Муханбетовна;
- Сариев Акылбек Аблабекович;
- Болтуруков Омурбек Аянбергенович;
- Токтосунова Дамира Маданбековна;
- Кенжекулов Полотбек Пирмаматович;
- Султанидилов Сайнидин Султанидинович;
- Мергенов Марат Эркинович;
- Пиримбаев Жусупжан Жунусбаевич;
- Ыбышев Ырыскелди Матаевич;
- Стамбаев Жылдызбек Токторович;
- Калбаев Толонбай Мамытович;
- Карабаева Айсалкын Раевна;
- Камчиев Жамбылбек;
- Нышанов Назарбек Айтбекович;
- Бегалиева Омурбубу Жакашевна;
- Айманбаев Муканбайжан Толонович;
- Казакбаев Оомат Иманбекович;
- Керимбеков Бакыт Макенович;
- Омуралиев Темиркул Алымбаевич;
- Мактымбаев Калмамат;
- Суйналиев Жаныбек Курманканович;
- Кадыркулов Качкынбай Дандабаевич;
- Исаев Жумабек Осмонович;
- Боронбаев Мурат Айдарович;
- Нарикеев Тургунбек Анаркулович;
- Айтымбетов Эрнис Жамадилович.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниетин билдирген Апасов Кубанычбек Тунгучбаевичке талапкерди колдоодогу шайлоочулардын колтамгаларынын саны жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигине каттоодон баш тартылсын.
3. Шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартибин сактабагандыгына, кол коюу баракчалардын формаларын бузулушуна жана талапкерди колдоодогу шайлоочулардын колтамгалардын талап кылынган саны жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн:
- Кудайбергенов Борончу Молдокматович;
- Айтикеев Акбаралы Ысырайылович,
каттоодон баш тартылсын. 4. 1, 2, 3 пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул токтомдун көчүрмөлөрү берилсин.
5. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 12-сентябры
№ 246