№549 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар; Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка, Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2017-жылдын 30-ноябрындагы  № 208 буйругу менен Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ш. Бозалаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2017-жылдын 5-декабрындагы № 475 буйругу менен Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Зикиров, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 533 токтому менен 2017-жылдын 11-декабрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттарын кворуму жок болгондугуна байланыштуу, шайланган жок. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын       2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 29-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча, 2017-жылдын 27-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3.Ак-Талаа, Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.
    
ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 15-декабры
 № 549