№ 29 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 22-январындагы № 8 токтому менен 2016-жылдын 10-февралына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу,  бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын  албагандыгына байланыштуу, болбой калган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 1-февралындагы № 59 буйругу менен Баткен шаарынын мэри Ж.М. Жалалов, берген арызына ылайык,  ээлеген кызматынан бошотулган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жана               2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген  “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен,  2016-жылдын    26-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  2. Баткен шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 2-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  3. Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

     ТӨРАГА                                                        Т.АБДРАИМОВ

 

 Бишкек ш., 2016-жылдын 12-февралы

 № 29