Баткен облусундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 24-июнундагы № 23/1 чечиминин негизинде шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 3-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-июну
№ 84
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 26-июну
№ 84 токтомуна тиркеме
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоо участкаларынын чек аралары
|
№
|
УШК № |
УШКнын аталышы |
Шайлоо участкаларынын чек аралары |
Шайлоочулардын саны |
|
1. |
№ 8110 |
“Кара-Жыгач” |
Кара-Жыгач, Кара-Кыштак айылдары толугу менен кирет |
2093 |
|
2. |
№ 8111 |
“Майдан” |
Майдан, Пум айылдары толугу менен кирет |
1618 |
|
3. |
№ 8112 |
“Кароол” |
Кароол, Кереге-Таш, Аустам айылдары кирет |
641 |
|
4. |
№ 8153 |
“Сары-Алтын” |
Бак, Сары-Алтын, Акимбек, Жаныбай-Абад айылдары кирет |
904 |
|
5. |
№ 8195 |
“Исамариям” |
Кара-Дөбө, Исамариям айылдары толугу менен кирет |
923 |