№224 Жалал-Абад облусунун Ноокен, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: З.А. Сатаров, А.Э. Муратов, М.С. Карабаев, К.Я. Абдисаматов, С. Курбаналиева,  С.С. Чолпонкулов, Т.К. Арыков комиссиянын курамынан, Ж.Ж. Сайпидинов комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сатаров Зайирбек Абдыразакович, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдисаматов Киязидин Яхиянович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Муратов Аширали Эркинбекович, Карабаев Муратбек Самаматович, Курбаналиева Саадат, Чолпонкулов Султанбек Сатыбалдиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сайпидинов Жоробай Жумабаевич резервден чыгарылсын;

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Субанов Азимжан Акишович, Эшиев Ноорузбек Абдилабекович, Ирисалиева Жазгуль Таирбековна, Каримкулов Маматазим Сатаралиевич, Абдувалиев Таалайбек Гапурович, Кушбаков Каныбек Мамытбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Арыков Тайкара Кудайбердиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акимов Байаман Таалаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абжапарова Батма Маматовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                             А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш. 2017-жылдын 11 -июлу
№ 224