№ 91 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Л.У.Мамытованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын депутаты Мамытова Лунара Улукбековнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытова Лунара Улукбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытова Лунара Улукбековнанын депутаттык күбөлүгү 2016-жылдын 06-майынан тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                          Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 06-майы 

91