Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 57 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр, Кызыл-Дыйкан, Панфилов районунун Орто; Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Алай районунун Кабылан-Көл, Ноокат районунун Н. Исанов атындагы; Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян, Бакай-Ата районунун Акназаров; Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой; Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2015-жылдын 25, 26-июнунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жайыл, Панфилов, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Буура, Бакай-Ата, Жумгал, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 25, 26-июнунда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 8-июлу
№ 69
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнчаборбордук
комиссиясынын 2015-жылдын 8-июлундагы
№ 69 токтомунун тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Чүй облусу Жайыл району |
||||
|
1. |
Суусамыр |
Отунчиев Урматбек Шайлообекович |
25.06.2015-ж. |
|
|
2. |
Кызыл-Дыйкан |
Акматов Кемелбек Акжолтоевич |
26.06.2015-ж. |
|
|
Панфилов району |
||||
|
3. |
Орто |
Молдокулов Тимур Кенешбекович |
26.06.2015-ж. |
|
|
Ош облусу Кара-Суу району |
||||
|
4. |
Сарай |
Тургунбаев Замирбек Жолболдуевич |
25.06.2015-ж. |
|
|
Кара-Кулжа району |
||||
|
5. |
Кеңеш |
Рысбеков Турдумамат Мамасалиевич |
26.06.2015-ж. |
|
|
Алай району |
||||
|
6. |
Кабылан-Көл |
Камилов Токтосун Рашидинович |
25.06.2015-ж. |
|
|
Ноокат району |
||||
|
7. |
Н.Исанов |
Асанов Нурланбек Эсенбаевич |
26.06.2015-ж. |
|
|
Талас облусу Кара-Буура району |
||||
|
8. |
Шекер |
Калыбеков Суюндук Сеитпекович |
25.06.2015-ж. |
|
|
9. |
Бейшеке |
Умарбеков Бакыт Анарбайевич |
26.06.2015-ж. |
|
|
10. |
Бакыян |
Айманбетов Таалайбек Урбашович |
26.06.2015-ж. |
|
|
Бакай-Ата району |
||||
|
11. |
Акназаров |
Жакышев Манасбек Шергазиевич |
26.06.2015-ж. |
|
|
Нарын облусу Жумгал району |
||||
|
12. |
Көк-Ой |
Тологонов Мелис Зарлыкович |
26.06.2015-ж. |
|
|
Баткен облусу Баткен району |
||||
|
13. |
Ак-Сай |
Ниязкулов Эргеш Эшбаевич |
25.06.2015-ж. |
|
|
14. |
Ак-Татыр |
Эшмурзаев Каныбек Тайирович |
25.06.2015-ж. |
|
|
15. |
Самаркандек |
Орозов Насиридин Ормонович |
26.06.2015-ж. |
|