№534 2017-жылдын 6-ноябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 518 токтому менен 2017-жылдын 6-ноябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Абдрахманов Данияр Карасартович табылсын.
2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 23-ноябры, 
№ 534