№90 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-апрелиндегы №74 токтому менен 2018-жылдын 23-апрелине дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 23-апрелиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 2-майындагы натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Сагындыкова Салтанат Бейшеевна  табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 4- майы
№ 90