№414 Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7,19 - беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин  1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-августундагы  жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйындарынын токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.

2.   Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 5-сентябры 
№ 414