№186 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Э. Торобаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Б.Э.Торобаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Б.Э.Торобаевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Конутаев Алмаз Болушевич катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Б.Э.Торобаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Тулеев Бектур Болотбекович катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Э.Торобаевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 30- июну

№186