Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Мамырканов, өзүнүн берген арызынын негизинде Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 22-январындагы №20-р буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Ыбыкеев, өзүнүн берген арызынын негизинде Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 22-январындагы №8-р буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Исираев, Баткен райондук сотунун 2013-жылдын 26-июлундагы өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 12-октябрындагы №01-15/59 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Исираев Ж.А., Баткен райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2013-жылдын 28-ноябрындагы №4-1295/13 УД токтомунун негизинде Баткен райондук сотунун 2013-жылдын 26-июлундагы өкүмү күчүндө калтырылган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиркемеде аталган аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2014-жылдын 19-февралына дайындалсын. /Тиркеме тиркелет/
2. Сокулук, Аламүдүн, Баткен аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ
УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 31-январы
№14
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын
31-январындагы № 14-токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кээ бир аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун датасы, убактысы |
|
Чүй облусу |
||
|
Сокулук району |
||
|
Ново-Павловка
|
19.02.2014-ж. саат 10-00. |
|
|
Аламүдүн району |
||
|
Васильевка |
19.02.2014-ж. саат 10-00. |
|
|
Баткен облусу |
||
|
Баткен району |
||
|
Дара |
19.02.2014-ж. саат 10-00. |
|