№ 49 Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер депутаттардын зарыл болгон добуштарынын санын  албай калгандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2017-жылдын  7-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

  ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 21-февралы

№ 49