№ 19 Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй  облусунун  Чүй  районунун Чүй  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй  облусунун  Чүй  районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 25-декабрындагы № 224-бк буйругу менен  Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы З.М. Баялиев өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын   2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 19-февралына дайындалсын  жана саат 9-00дөн  12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  2.  Чүй аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

                ТӨРАГА                                                                                    Т. АБДРАИМОВ 

                 Бишкек ш., 2016-жылдын 2-февралы

                  № 19