“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесиинин
1-бөлүгүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жана башка мыйзамдарды жетекчиликке алып, шайлоодо жана референдумдарда эл аралык байкоочулардын иш тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунда жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредиттелсин:
1) Майер Макс Георг - Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдел Фондунун Өкүлчүлүгүнүн директору;
2) Ди Пирро Джон - Эл аралык Республикалык Институттун (ЭРИ) Өкүлчүлүгүнүн директору;
3) Пак Сунджин - Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) өкүлчүлүгүнүн директору, делегациянын башчысы;
4) Бэк Нак Кю – KTNet кеңешчиси, KOICA;
5) Ким Жин Ёнг - R&D Борборунун директору, KOICA;
6) Пак Жонгхо - Башкы менеджердин орун басары, KOICA;
7) Ча Жеунгхо - BTRUST директору, KOICA;
8) Хам У Сок - Менеджер KOMSCO, KOICA;
9) Ли Суёнг - Директор, Jisungit сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы, KOICA;
10) Лебединский Максим - Молдова Республикасынын БШК мүчөсү;
11) Скобич Валентина - Молдова Республикасынын БШКсынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш, коммуникацияларды башкаруунун улук консультанты;
12) Охендовский Михайло Володимирович - Украинанын БШК төрагасы;
13) Шелестов Олександр Миколайович - Украинанын БШК мүчөсү;
14) Ким Ёнг Хи – Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ШБДА) башкы катчысы;
15) Бэ Хан Джин - Тышкы байланыштар жана кызматташтык маселелери боюнча директор (ШБДА);
16) Ли Те Рёнг – ШБДА Секретариатынын байланыштар боюнча менеджер;
17) Ан Хонг Пё - ШБДА программасынын координатору;
18) Сим Наташа - ШБДА программасынын координатору.
- Аккредиттелген эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 21-ноябры
№224