№57 Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 5-мартындагы № 47-б буйругу менен Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Белекбай, Куршаб айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-февралындагы №49 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 16-мартындагы №12 буйругу менен Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Калыбеков Суюндук Сеитпекович өз арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 6-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын “20”- марты
№57
Бишкек ш., 2018-жылдын “20”- марты
№57