№ 54 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна жана “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна жана “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

         Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнү уюштурууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, 10-беренесинин 1,4- бөлүгүн, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48, 49, 53,54-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосунун  45-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

         Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү кеңешти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө төмөнкү учурларда сунуш жиберет: 

- эгерде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугунун себеби боюнча эки жолу өтпөй калса;

- эгерде айыл өкмөт башчысын шайлоо эки жолу болуп өтүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса;

         Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунун себеби боюнча өтпөй калып, ал эми кайра шайлоо болуп өтүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүн кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо болуп өтүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан болбой калса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

  1. 2.                Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосунун 45-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү кеңешти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө төмөнкү учурларда сунуш жиберет: 

- эгерде мэрди шайлоо кворумдун жоктугу себеби боюнча эки жолу өтпөй калса;

- эгерде мэрди шайлоо эки жолу болуп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса;

Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунун себеби боюнча өтпөй калып, ал эми кайра шайлоо болуп өтүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди  кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо болуп өтүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан болбой калса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

        3.  Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

         4.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш, 2017-жылдын 27-февралы, № 54