№45 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ф.А.Иминовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Иминов Фархат Ажмуханбетовичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жана “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндөгү 2018-жылдын 1-мартындагы арызынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын 2018-жылдын 2-мартындагы анын берген арызына ылайык фракциядан чыгаруу тууралуу №210 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун, 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Иминов Фархат Ажмуханбетовичтин ыйгарым укуктары 2018-жылдын 3-мартынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иминов Фархат Ажмуханбетовичтин депутаттык күбөлүгү 2018-жылдын 3-мартынан тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 3-марты
№ 45