“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,20-,24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,11- пунктчаларын, 73-беренесинин
1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 100 санындагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 9 -сентябры
№230