Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду өз убагында жана талаптагыдай жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жогору турган шайлоо комиссиясына жеткиргенде кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдордун сакталышын камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С. Сооронкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 7-октябры
№ 312