№126 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.  

Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кемин шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5953тү түзүп, анын ичинен 3460 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 58,12 % түзөт.

Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жана Кемин шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 02 - июну

№ 126