№ 121 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 105  токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 20-июнуна дайындалган.    Жогоруда көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    48-беренесинде белгиленген талап сакталбагандыгына байланыштуу, шайлоо процесси бузулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө”  жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жөнүндөгү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 10 июнундагы № 14 чечиминин Сураналиев Талгат Чыныбековичти каттаган бөлүгү жокко чыгарылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жана натыйжалары жараксыз деп табылсын.

3.Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2016-жылдын  13-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

4. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

5. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы, шайлоо мыйзамдарынын талаптары кайталап бузган учурда, тиешелүү чаралар колдоно тургандыгы тууралуу эскертилсин.

6.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.

   

          ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА          

Бишкек ш., 2016-жылдын 29 - июну

№ 121