Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө КР тышкы иштер министрлигине келип түшкөн каттарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 11-беренесинин 5-пунктун, 16-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде түзүлгөн №001 участкалык шайлоо комиссиясы боюнча:
1) Комиссиянын мүчөсү Асымбеков Шамильбек Уметович – комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2) Комиссиянын курамына киргизилсин:
- Буранов Айжигит Баймукамедович;
-Юсупов Бакыт Юсупович;
-Исмаилова Чолпон Нурбековна;
-Молдожанов Бакыт Сабырович;
-Криворучко Александр Александрович.
2. Москва шаарындагы Бүткүл Россиялык көргөзмө борборунда түзүлгөн №002 участкалык шайлоо комиссиясы боюнча:
1) Комиссиянын курамына киргизилсин;
- Мамбетова Майрам Жалаловна;
- Имангазиев Алмаз Кулубекович;
- Сыргыбаев Азат Адылканович;
- Юсупова Чолпонай.
3. Красноярск шаарында түзүлгөн №012 участкалык шайлоо комиссиясы боюнча:
1) Комиссиянын курамынан чыгарылсын:
- Керимбеков Тыныбек Назырбекович- комиссиянын төрагасы;
- Усупбаев Жыргалбек – комиссиянын мүчөсү.
2) Комиссиянын курамына киргизилсин:
- Арстанбекова Рахис Аракеевна;
- Каракипов Адилет Кубанычбекович.
3) Арстанбекова Рахис Аракеевна - комиссиянын төрайымы болуп бекитилсин.
4. Франкфурт-на Майне шаарындагы Кыргыз Республикасынын Консулдук агенттигинде түзүлгөн № 030 участкалык шайлоо комиссиясы боюнча:
1) Комиссиянын мүчөсү Журба Андрей Юрьевич – комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2) Ибраимова Эльмира Аязбековна – комиссиясынын курамына киргизилсин.
5. Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өкүлчүлүгүндө түзүлгөн № 033 участкалык шайлоо комиссиясы боюнча:
1) Комиссиянын курамынан чыгарылсын
- Токтонов Кубанычбек Дүйшөгулович – комиссиянын төрагасы;
- Рысмендиев Марат баяманович – комиссиянын мүчөсү;
- Дүйшеев Феликс Турдубаевич – комиссиянын мүчөсү.
2) Комиссиянын курамына киргизилсин:
- Сарыгулова Диана Дастановна;
- Рыспеков Марипбек;
- Абазов Рафис.
3) Бекитилсин:
- Сыдыков Турдакун Сыдыкович – комиссиянын төрагалыгына;
- Сарыгулова Диана Дастановна – комиссиянын катчылыгына.
6. Брюссель шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде түзүлгөн № 037 участкалык шайлоо комиссиясы боюнча:
1) Комиссиянын мүчөсү Мукашев Данияр Муратбекович – комиссиянын курамынан чыгарылсын;
2) Саматов Айдар Насипович – комиссиянын курамына киргизилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 8-октябры
№314