№ 163 “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартибин аныктоо максатында, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  30-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15, 16, 17-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек шаары, 2016-жылдын 20-октябры

№ 163