№114 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо

2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    7-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 133 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын
 Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 5-июну
№ 114