№ 215 Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) үгүтттөөгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖМКларын аккредиттөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын референдумда үгүттөөгө аккредиттөөдөн өтүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары берген документтерди карап чыккан маалымдоо боюнча жумушчу тобунун сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-пунктун жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 21-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркемеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) үгүтттөөгө катышуу үчүн аккредиттелсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                ШАЙЛДАБЕКОВА Н.

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 16-ноябры

№ 215