15.06.2021 № 466 2021-жылы 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 4 жана 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 223 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Календеров Болот Калдарбекович, Эгембердиев Жакшылык Насипбекович катталган. Талапкерлер Ноокен айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Ноокен айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Б. Календеровго – 13 добуш,                              Ж. Эгембердиевге – 7 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –        1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Календеров Болот Калдарбекович Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович, Немат уулу Жайнак катталган. Талапкерлер Момбеков айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Момбеков айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, К. Абдыжапаровго – 11 добуш, Немат уулу Жайнакка – 9 добуш берилгендиги, 1 жараксыз бюллетени белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич катталган. Талапкер Достук айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Достук айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, З. Мамасадыковго – 21 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 4 жана 7-июнундагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                   29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Ноокен, Момбеков айыл өкмөттөрүнүн жана 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Достук айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4 жана 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Календеров Болот Калдарбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ноокен, Момбеков, Достук айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 466