Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 21-декабрындагы чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 18-беренесиндеги 12-бөлүккө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы №5 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №157 токтомунун 5-пунктунун 4-пунктчасынын Садовая айылдык кеңешинин № 3 шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо өткөн жок деп таанылсын деген бөлүгү жокко чыгарылсын».
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 24-январы
№ 11