30.09.2019. №142 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 25-сентябрындагы №191-б. буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Кабаев Шекербек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-июлундагы №55-р. буйругу менен Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Касыров Тилек Касырович, Ивановка айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 6-июлундагы №40/х-28 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 18-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ат-Башы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 30-сентябры
№ 142