№2 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 8-январындагы № 3/1 буйругу менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкалыков Улан Канатбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

2019-жылдын 15-январына кайра шайлоо дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен, 2019-жылдын 1-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Ысык-Көл жана Аламүдүн  аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурушсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 18-январы
№ 2