№181 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 597 буйругу менен Чолпон-Ата шаарынын мэри Саралаев Карыпбек Аланбаевич, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2018-жылдын 25-сентябрындагы №29/15-1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 153-б буйругу менен  Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Бектиров Тыныч Кочкорович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 292-б буйругу менен  Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы Адеков Урмат Калыбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-октябрындагы №Б-16/VI буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаев Жамалбек Осмонович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 
 “Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 19-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 
        
ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 2 - октябры
№ 181