16.12.2020 №471 2020-жылдын 10-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын  26-ноябрындагы № 382 токтому менен дайындалган    Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна  2 талапкер – Мадылканов Темирбек Шамшыбекович жана Осмоналиев Жумабек Жусупович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталып катталышкан.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 10-декабрындагы протоколу менен Учкун айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 14 депутаты катышып, Т.Ш. Мадылканов - 11 добуш, Ж. Ж. Осмоналиев - 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 10-декабрындагы протоколу менен Мадылканов Темирбек Шамшыбекович Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.  

2020-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары- КР БШК) дарегине Учкун айылдык кеңешинин депутаты Ф.С.Абдыжакыповдон Т.Ш. Мадылкановду Учкун айыл өкмөтүнүн кызмат ордуна сунуштоодо жергиликтүү кеңештин жазуу жүзүндө чечиминин жоктугу “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун  эрежелери бузулгандыгы боюнча арызы келип түшкөн.

Ф.С.Абдыжакыповдун арызын кароонун жыйынтыгында, КР БШКнын 2017-жылдын 6-декабрындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосунун 2-бөлүмүнүн 9-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди айылдык кеңештин депутаттары (депутаты) сунуштай ала тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө түшүндүрмө берилди.

2020-жылдын 10-декабрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 10-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 10-декабрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Мадылканов Темирбек Шамшыбекович Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы Учкун айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 16-декабры

№ 471