30.04.2021 №184 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Сүлүктү шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 13 шайлоо участок түзүлгөн. Сүлүктү шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 7 саясий партия катталды, баары төмөнкү 7 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Өнүгүү-Прогресс» - 21,24% (7 мандат); «Ынтымак» - 16,96% (5 мандат); «Ыйман Нуру» - 14,44% (5 мандат); «Жаңы-Доор» - 12,95% (4 мандат); «Замандаш» - 11,28% (4 мандат); «Республика» - 10,91% (3 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 10,60% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 10819 түзүп, анын ичинен 5188 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 47,97% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 13 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына жана Сүлүктү шаардык кеңешине жиберилсин.
4.Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 30-апрели,
№ 184