№237 Ош облусунун Алай, Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Ф.К. Бегиматова,  Г.Г. Полотова, К.И. Мамутов комиссиянын курамынан, У.И. Гайбекова комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бегиматова Фарида Кочкоровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шайирбек уулу Руслан резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.  Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Полотова Гүлдаргүл Ганыевна, Мамутов Кумарбек Исмаилович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гайбекова Урумхан Исмаиловна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадирова Елена Ягафаровна, Бекаева Зылалай Азамкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 14 -июлу

№ 237